Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.02.2018 14:28

Айыл турмушу: С.Раимбекова мамлекеттик тил кабыл алынган жылы Ивановкада эӊ алгачкы кыргыз классын ачкан (фото)

Turmush -  Кезинде орус жана немистер менен жердеш болуп жашаган Субайдылда Раимбекова Ысык-Ата районунун Ивановка айылына эӊ алгачкы кыргыз классын ачып, билим берүү тармагында жалпы 28 жыл эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

- Субайдылда эже, алгач туулуп-өскөн жериӊиз, ата-эне, бир туугандарыӊыз жөнүндө сөз баштасак.

- Өзүм 1961-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөм. Ата-энем жөнөкөй кызматчылар болгон. 4 бир туугандын улуусумун. 1978-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти аяктадым. Андан соӊ юридикалык факультетке тапшырайын десем, ага эмгек стаж керек экен. Ошентип 2 жыл заводдо иштедим. Анан үйдөгүлөр, өзгөчө апам «юридикалык факультет кыздардыкы эмес» деп тапшыртпай койду. Ошентип, 1981-жылы Фрунзедеги кыз-келиндер окуу жайына тапшырып, аны 1986-жылы аяктадым. Анын ортосунда 1982-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айылына турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз 36 жылдан бери бирге түтүн булатып жашап келе жатабыз. Экөөбүздүн 3 балабыз, 6 неберебиз бар.

- Ивановка кезинде орустар менен немистер көп жашаган айыл болгон экен. Ошол айылга эӊ алгачкы кыргыз класстарын ачкан экенсиз. Ушул туурасында айта кетсеӊиз.

- Ооба, Ивановка айылында жалаӊ орус жана немис улутундагы адамдар жашачу. Мектеби да орус тилдүү мектеп болуп, мага жумуш чыкпай калды. Ошентип, китепканачы, тарбиячы болуп эмгектенип жүрдүм. Анткени кыргыз мектебин бүткөн элем да. 1989-жылы айылга дагы бир кыргыз мугалим көчүп келип калды. Ал экөөбүз кыргыз класс ачалы деп чуркап жүрүп, 12 бала топтодук. Кимибиз сабак беребиз деп калдык. Кыргызда улуусун сыйлайт эмеспи, тиги эжеге жол бошотуп бердим. Өзүм кийинки жылы айылды кыдырып жүрүп, эптеп 13 бала топтодум да, кыргыз класс ачып, сабак өтө баштадым. Анда китептин баары орус тилинде болчу. Жолдошумдун унаасын айдатып алып, коӊшу айылдардагы кыргыз мектептерин кыдырып, кыргыз тилиндеги китептерди издеп, чогултуп, 5-6 китеп менен сабак берип баштагам. Кийин көчүп келген кыргыздар көбөйүп, кыргыз класстар ачыла баштады.

- Ошондо сиз мугалим Дүйшөндөй болуп, эӊ алгачкы кыргыз класстарын түптөгөн экенсиз да?

- Ошентип Ивановкадагы эӊ алгачкы кыргыз классынын ачылышына салымым чоӊ болду десем жаӊылышпайм го. Кыргыз класска балдарды жалдырап атып чогултчубуз. Калп айтпасам, андан бери 28 жыл мугалим болуп эмгектенип, айылдагы балдардын 80 пайызын окуттум. Өзүм жалпы 38 жыл эмгектенсем, анын 28 жылын балдарды окутуу менен өткөрдүм. Ар кандай кароо-сынактарга, жыл мугалимине катышып келдим. 2013-жылы Билим берүүнүн мыктысы төш белгиси менен сыйландым. Ортодо 10 жыл 2 кезек менен сабак өттүм. Биринчи кезекте башталгыч класстарга, экинчи кезекте 4-класстын окуучуларына сабак өтүп жүрдүм. Класска 30 бала келсе, 30 баланын кыял жоругу, алардын ата-энесинин кыял жоругун көтөрүп, талыкпай эмгектендик. Жалпы 300дөн ашуун окуучуга «а» тамгасын үйрөттүм десем болот.

- Ошол жылдары кыргыз тили мамлекеттик тил катары кабыл алынса керек эле.

- Ооба ошол 1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил деп кабыл алынган. Ошондо мен мекеме-ишканалардын кызматкерлерине да кыргыз тилинен сабак өткөм. 2015-жылдан баштап Ивановка айылындагы эл аралык институттун кыргыз тил мугалими болуп эмгектенип келе жатам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×