Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Кара-Балтада башына ок атылган киши ооруканага чейин унаасын өзү айдап барган

Turmush -  Кара-Балта шаарында көп кабаттуу үйдөгү подъезддин жанынан эркек кишинин башына белгисиз адамдар ок атып кетишти. Turmush басылмасына маалымдалгандай, окуя кечээ, 9-февралда саат 14:30 чамасында Т.Кожомбердиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында болгон.

Ок эркек киши подъездден чыккан учурда атылган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, башынан жаракат алган киши унаага өзү отуруп, ооруканага жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат.

Кийинчерээк ок тийген жаран 1988-жылы туулган Н.Т. экени белгилүү болду.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7668
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×