Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 09.02.2018 13:38

Жаш талант: «Коопсуз жол» долбоору менен мурунку президентке кайрылган Т.Өмүшев мугалим болуп иштеп баштады (фото)

Turmush -  Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн «Коопсуз жол» долбоорун иштеп чыгып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган Тунук Өмүшев мугалим болуп иштеп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Өзүнүн айтымында, жакында эле жаш ойлоп табуучулардын мектебине мугалим болуп жумушка кирген.

«Мен ойлоп тапкан техникаларым менен бир топ сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келдим. Мындан улам Бишкек шаарындагы техника-инженердик балдар ийриминин жетекчилери жумушка чакырышты. Учурда ошол ийримде кол эмгектен сабак берип жатам. Аталган ийримге 2-класстан жогорку класстарга чейинки окуган окуучулар катыша алышат. Менин да чыгармачылыгыма өтө чоӊ жардам болду. Кубанып жатам», - деди ал.

Буга чейин Чүй облусундагы Сокулук районунун 17 жаштагы тургуну Тунук Өмүшев жол кырсыктарын алдын алуу үчүн «Коопсуз жол» долбоорун иштеп чыккан. Ошондой эле, бир колу иштебеген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн сезгич касиетке ээ, өз алдынча иштей турган жасалма кол, көчө шыпыргыч жана татаал жолдордо жүрүүчү унаа ойлоп тапкан.

Жаш ойлоп табуучу учурда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында апасы менен бирге жашайт. Учурда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 1-курсунун студенти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.