Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 08.02.2018 12:38

Айыл турмушу: Аңчылыкка чыкпаса буулуккан А.Тагылыков жылына эки карышкыр атат (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүнүн тургуну Аскат Тагылыков 3 жылдан бери карышкырга мергенчилик кылат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 3 жылдан бери аңчылык кылам. Мергенчилик кылуу — бул менин хоббим десем болот. Аңчылык кылбасам буулугуп да кетем. Кышында кар калың жааганына байланыштуу ач карышкырлар мал-жандыктарга кол салат. Жакында эле 4 бээнин ичин жарып кетишти. Кээде бир жылда бир же эки карышкыр атабыз», - деди ал.

Бир кыз жана эки уулдун атасы Аскат Тагылыков жалгыз аңчылыкка чыкпайт. Анын жанында агасы Кынат Кыдыралиев жүрөт. Ал дагы көп жылдан бери карышкыр атып келет.

«Көп жылдан бери карышкыр атам. Мергенчилик кылуу — бул менин хоббим. Аңчылык кылып, карышкыр атууга өтө кызыгам. Аталарым дагы чоң мергенчи болушкан экен. Жубайым үй кожойкеси. Экөөбүз бир уул жана үч кызды тарбиялап жатабыз», - деди Кынат Кыдыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×