Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Акын жана комузчу К.Жаманкулов Ысык-Атадагы балалык борборунун тарбиялануучулары менен жолукту (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунан чыккан белдүү акындардын бири, комузчу Көкүл Жаманкулов менен «Гүлзар» балалык борборунун тарбиялануучуларынын жолугушуусу болуп өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жолугушууга райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Эльмира Медетова, социалдык-маданий чөйрө секторунун башчысы Назгүл Ченыбаева жана «Гүлзар» балалык борборунун жетекчилиги катышты.

Буга чейин акындын жарык көргөн «Жолжорго» китеби аталган борбордун тарбиялануучуларынын колуна тийип, анын калеминен жаралган ырларга кызыккандар акын менен болгон жолугушууну өздөрү демилгелеп чыгышкан. Көкүл Жаманкуловдун жазган ырларын окуучулар жатка айтып берип, акынга күтүлбөгөн кубаныч тартуулашты. Ошол эле учурда автордун кол тамгасы коюлган китептерди өз колунан белекке алышты. Ал эми Көкүл Жаманкулов чыгармачылыктын чыйыр жолунда жүргөнүнө көп мезгил болгонун, тагыраагы бала кезинен колуна калем кармаганын төмөнкү ыр саптары менен жеткирди.

Жазда чыккам, кичинемден – таӊ азан,
Татаал болду тарткан турмуш таразам.
Жеттим Күзгө – арыдым деп неге айтам,
«Жолжоргомду» камчыланып баратам…

Акындын сыясынан керемет саптар гана жаралбастан жаш муундарга комуз чертүүнү үйрөтүп келет. Жолугушууда окуучулары менен чогуу комузда күү чертип, жагымдуу маанай жаратышты. Мындай жолугушуулар жан дүйнөнү байытып, келечек муундун китепке болгон кызыгуусун арттырарын жолугушуунун катышуучулары белгилеп өтүштү.

«Гүлзар» балалык борбору Жээк айылында жайгашкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1317
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×