Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуМосква району 08.02.2018 11:20 На русском

Аялын 7 саат бою сабаган: Москва райондук соту айыпталуучуга айып салды

Turmush -  Чүй облусунун Москва райондук соту аялын сабаганы үчүн кылмыш иш козголгон Юрийге (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Ага көрүлгөн жаза тууралуу соттун 2017-жылдын 20-декабрындагы токтомунда айтылат.

Окуя тууралуу:

Кылмыш иш козгоого 2017-жылдын 19-сентябрындагы чыр себеп болгон. Токтомдо айтылгандай, саат 14:00 чамасында Юрий менен жубайы Валериянын (ысымы өзгөртүлдү) ортосунда уруш чыгып, күйөөсү аялын жаакка чапкан. Саат 19:00 чамасында Юрий аялынын чачынан сүйрөп, полго жыгылганда чапкылап, тепкилеп жатып башына жана бетине оор жаракат келтирген.

Айыпталуучунун айтымында, алардын урушуна акча себеп болгон. Алгач аялы андан аз суммада акча уурдап жүрсө, акыркы жолу чоң суммада акчасын уурдап алганын билген. Акчаны кайтарып берүүнү талап кылганда аялы ага каршы чыгып, ызы-чуу жараткан. Кошуналары укпасын деп аялын үйүнө киргизгенин, ошол күнү кечинде кайрадан уруш чыгып, бирок ал аялына кол көтөрбөгөнүн айткан.

Ал эми жабырлануучу аялдын айтымында, алардын урушу күйөөсү Ысык-Көлдөн алып келген алмурутка байланыштуу чыккан. Ал эч кимге алмурут бербегенин айтканына карабастан уруп баштаган. Саат 19:00 чамасында көчөдөн келген Юрий кайрадан кол көтөрүп, сабаганын саат 02:00гө чейин токтоткон эмес. Күйөөсү акча жоголгонун айтып, аны күнөөлөгөн. Бирок ал акчаны көрбөгөнүн, ал тууралуу билбегенин айткан. Ал качып кетүүгө аракет кылып, бирок кармалып калса кайрадан токмоктой турганын ойлогон. Акыры күйөөсү уктагандан кийин сыртынан бекитип, ата-энесинин үйүнө качып барган.

Ал эми Алинанын (ысымы өзгөртүодү) айтымында, анын кичүү кызы 2012-жылы Юрийге турмушка чыгып, эки балалуу болушкан. Буга чейин да Юрий кол көтөрүп, Валерия жандандыруу бөлүмүндө дарыланып чыккан болчу.

Соттук отурумдун аягында судья Юрийди күнөөлүү деп таап, материалдык чыгым үчүн 3 миң сом, моралдык чыгым үчүн 15 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.