Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Россиядан билим алып, 22 жыл майып уулун баккан Т.Балкибекованын жашоосундагы өксүгү жана ийгилиги (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Ленин айылынын тургуну Тамара Балкибекова Россиядагы Москва тамак-аш институтунда билим алган. Бирок турмуш шартынын айынан иштей алган эмес. Анын 5 баласынын бирөөсү туубаса майып болуп төрөлүп, 22 жыл уулунун оорусу менен күрөшүп үйдө отурган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Майып балам менен 22 жыл үйдө отурдум

1986-жылы уулум Азиз тубаса майып болуп төрөлдү. Ошондо кимге кайрыларымды, каякка барарымды билбей туңгуюкка кептелдим. Уулумдун оорусуна илимий медицина жардам бербегендиктен элдик дарыгерлерди сураштырып, издей баштадым. Ошол учурда уулумдун ден соолугуна кам көрүү менен гана алектенип калгам. Ал өмүр бою майып болуп жашарын жана анын мындай абалын туура кабыл алуу керектигин ал кезде эч ким мага айткан эмес. Азиздин билим алышына, интеллектуалдык жактан өсүшүнө көңүл бөлбөй, уулум экөөбүз алтын убактыбызды дарыланууга коротуп коюптурбуз. Себеби, балам сүйлөбөйт, баспайт. Мындан улам ага окуунун деле кереге жок го деп ойлогом. Мындай ойду тилекке каршы азыр көпчүлүк апалар да ойлошот. Ошентип элдик дарыгерлерден да майнап чыккан жок. Мен болсо баламды карап үйдө отура берип, депрессияга туш болдум. Үйдө уулум менен жалпы 22 жыл отурдум. Албетте, мындай көрүнүш үй-бүлөмө таасирин бербей койгон жок. Учурда уулум Азиз кат сабаты ачылбай, эч нерсеге жарамсыз болуп үйдө отурган бойдон калды. Ал азыр 31 жашта, эгерде убагында жөндөмүнө жараша окутуп койсок иштеп калмак. Мен азыр өзүмдүн коомумда дал ушундай Адилет аттуу баланы тарбиялап, мектепке даярдап жатам.

Өлөм же жиндиканага түшүп калам деп ойлодум

Үйдө көп жыл депрессияда отура берип, «азыр өлөм же жиндиканага түшүп калам» деп ойлодум. Себеби, ошол учурда уулумдун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгени аз келгенсип, алгачкы эгемен Кыргызстанда жумушсуздук күч алып, жокчулук заман ого бетер жүдөтүп турган. Ошондо ичимден өзүмдү өзүм жеп отуруп, коркунуч, ишенимсиздик, түнттүк пайда болгон. Мен эң эле жөнөкөй идеямды жана каалоомду толук айта албай калган элем. Ошондой кыйын күндөрү мени жолдошум Бейшеналы колдоп, мага жөлөк болду.

Мага окшогон ата-энелерге жолугуп, стресстен чыктым

Дал ушундай маалда мага окшогон ата-энелер менен жолугуп, Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана ата-энелердин ассоциациясына бардым. Анда тренингдерге катышып, маалымат алып, мага окшогон ата-энелер менен баарлашчумун. Акы албасак да, бул жумушка ыктыярчы катары иштеп калдым. Мага тайпа менен иштөө жана психологиялык тренингдер абдан жакты. Мен өзүмдүн депрессиямды, көйгөйүмдү унутуп, башка ата-энелерге жардам берип баштадым. Буга чейин менин тайпам мени стресстен кандай чыгарса, дал ошондой мен да башка ата-энелердин стресстен чыгуусуна жол көрсөтүп жүрдүм. Менин мыкты жана чыдамкай мугалимим Азат деген жигит болду. Ал долбоордун координатору эле. Ал мага компьютерде иштөөдөн баштап, лидерлик сапатка чейин үйрөттү. Ал менин кичинекей ийгилигиме кубанып, жарым жыл өтпөй долбоорго жумушка алышты. Мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Кубануу менен бирге «ишти алып кете аламбы?» деген коркуу сезим пайда болду. Бирок ал сезимди дагы жеңдим. Ал эми өзүмдүн уулум Азиз учурда майыптуулук боюнча бардык акцияларга, иш-чараларга активдүү катышып жатат. Ошондой эле биздин «Баланын кыялы» ийримибизге жумасына бир жолу катышууда.

Оор абалдагы ата-энелерге кол сундум

Албетте, Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана ата-энелердин ассоциациясынан алган тажрыйбамдын негизинде 2014-жылы Аламүдүн районунун Ленин айылына, тактап айтканда өзүм жашаган жерге коомдук бирикме ачтык. Бүгүн биздин чогула турган аянтчабыз бар. Ал жерге өспүрүмдөр, жаштар, ата-энелер келишет. Баарлашканды, дос күткөндү, өзүбүздүн укуктарыбызды билгенди үйрөнөбүз. Жумасына бир жолу тайпа болуп чогулабыз. Биздин максатыбыз — ата-энелерге туура маалымат берүү. Эгер алар жакшы маалымат алып, баласынын оорусун туура кабылдаса, анда ата-энелер уулуна же кызына тактыктуу жардам кыла алышат. Ошол себептен мен алгач ата-энелер менен иштеп баштайм.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2407
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×