Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 07.02.2018 14:12

Элет көйгөйү: Кайсарлык окуучулар мектепке барып келүү үчүн 10 чакырым жолду басып өтүшөт (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылынын окуучулары мектепке баруу үчүн 5 км жолду жөө басып өтүшөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, Кайсар айылынын окуучулары 5 км алыстыкта жайгашкан Тунук айылындагы мектепке барып билим алышат.

«Кайсар айылында отузга жакын үй-бүлө гана жашагандыктан орто мектеп жок. Даярдоо классынан 4-класска чейинки окуучулар 3 бөлмөлүү тар мектепте билим алышат. Быйыл 1-класстан 2 гана окуучу болгондуктан, алар жана 5-класстан кийинки окуучулар 5 км аралыкта жайгашкан Тунук айылынын мектебине барып билим алышат. Ошондо алар бир күндө 10 км жолду жөө басышат. Кышында күн кыска, калың кар, - 45 градус катуу суук кыйынчылыктарды жаратат. Окуучулар караңгыда тарашат. Кечкисин бул жолдон катташ кыйын. Себеби, чөөлөр жана башка жырткычтар көп болот. Суукта балдар ооруп, сабакты да көп калтырышат. Ал эми жазында карлар эрип, жолдор баткак болуп кыйынга турат», - деди айылдыктар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×