Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Чүй

Сокулукта мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде спорттук мелдештер уюштурулууда (фото)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Жаңгарач айылындагы «Ай-Данек» бала бакчасында «Атам, апам жана мен – спортчу үй-бүлө!» аттуу спорттук мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук өспүрүм-балдар спорттук мектебинин директору З.Исабеков билдирди.

Анын айтымында, «Дени сак улут – өнүккөн мамлекет!» аттуу иш-чаранын алкагында райондо ай сайын спорттук мелдештер өтүп жатат.

«Анын ичинен ушул бала бакчасындагы "Атам, апам жана мен – спортчу үй-бүлө!" аттуу спорттук иш-чарабыз, абдан кызыктуу болууда. Эмки кезекти "Наристе-Шопоков" бала бакчасына өткөрүп бердик. Ушул эле темадагы спорттук мелдеш аталган бала бакчада болот. Бул спорттук мелдешке ата-энелер балдары менен чогуу да катышып, байгелүү орундарга ээ болушат», - деди ал.

Сокулук районунда 23 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштейт. Анда жалпы 4 миң 745 бала тарбияланып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 398
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×