Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Чүй

Айыл турмушу: Атактууларга эмерек жасаган Ш.Кожоновдун эмгеги 18 миң долларга чейин бааланат (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүнө караштуу Кызыл-Ой айылынын тургуну Шамил Кожонов 12 миң долларга чейин бааланган эмеректерди жасайт. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, ал бул иш менен 20 жылдан бери алектенип келет.

«Эмерек жасоо боюнча 4 жыл билим алгам. Азыркы учурда үйдөн эле буйрутма менен үй эмеректерин, сандык жана башка көп буюмдарды жасайм. Бардык керектүү материалдарды өзүм сатып алам. Бул айылдан буйрутма көп беришкендиктен бүт чыгымды жакшы эле актайт. Мисалы, сандыктарды айыл ичинде 6000-7000 сомдон сатсам, чоң үй эмеректерин 30 000-40 000 сомдон сатам. Эгер буйрутма болсо мындан да кымбат эмеректерди жасайм. Шаарда иштеп жүргөндө 12 миң доллардан 18 миң долларга чейин бааланган эмеректерди жасачумун.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти жана эл артисти Роза Амановага 12 миң долларлык эмерек жасап бергем. Дагы башка белгилүү адамдарга да ушундай кымбат эмеректерди көп жолу жасап бердим. Бул кымбат эмеректер көп кызматты аткарат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 632
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×