Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Элет көйгөйү: Суусамырдагы интернетсиз айыл (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүнө караштуу Кызыл-Ой айылында интернет жана уюлдук байланыш тармагы иштебейт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, Кызыл-Ой айылы райондон алыс жайгашып, төрт тарабы тоолор менен курчалган. Мындан улам айылда бир гана уюлдук байланыш оператору тартып, интернет такыр иштебейт.

«Кызыл-Ой айылы райондон өтө алыс жайгашкан. Төрт тарабы тоолор менен курчалган чакан айыл. Бирок тоолуу айылдардын катарына кирбейт. Интернет таптакыр жок. Интернеттин жоктугунан көп маалыматтан артта калабыз. Замандын талабына жараша жашообуз интернет менен байланышкандыктан көп кыйынчылыктар жаралат. Өзгөчө мугалимдер жана окуучулар үчүн кыйын болууда.

Мындан тышкары жолдорубуз дагы эң начар. Асфальт төшөлгөн эмес. Мисалы, Кара-Балта же Суусамырга барчу жолдорубуз кууш, тоодон шагыл-таштар да урап түшө берет. Бул жолдон көптөгөн кырсыктар да болгон. Көкөмерен дарыясы жолдун четинде жайгашкандыктан кишилер дарыяга агып кеткен учурлар да катталган», - деп билдиришти айыл тургундары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1597
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×