Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Жаш талант: Джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону А.Азыков эл аралык мелдештерде ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Иванов Станциясы айылынын 17 жаштагы тургуну Актан Азыков 5 жылдан бери самбо, джиу-джитсу, дзюдо, казак күрөшү менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Спортко келип калышыма Эдил Урустамов агайым чоң түрткү болду. Эгизим экөөбүз анда 12 жашта элек. Ошондон бери самбо, джиу-джитсу, дзюдо, казак күрөшү менен машыгып келе жатабыз. Агайымдын мыкты машыктыруусу менен бир топ ийгиликтерге жетиштик. Алсак джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, 4 жолу байге ээси, самбо боюнча эл аралык мелдештин чемпиону жана ушул эле спорт боюнча республикалык мелдештин 2 жолку чемпиону, 4 жолку байге ээси болдум. Ушул ийгиликтер үчүн агайыма рахмат айтар элем. Келечекте эгизим экөөбүз спорт менен дүйнөнү багындырсак деген чоң максатыбыз бар», - деди ал.

Жаш спортчу учурда айылдагы Акылбек Турсуналиев атындагы орто мектепте билим алат.

«Учурда 11-класста окуйбуз. Атам Бактыбек Осоев, апам Рахима Бейшенова башталгыч класстын мугалими. Улуу байкебиз Туңгуч Азыков студент, эң кенже инибиз Эржан Азыков бала бакчага барат», - деди ал.

Спортчу 2001-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Орток айылында төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1365
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×