Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 05.02.2018 09:38

Айыл турмушу: Сокулуктук К.Төлөгөнов самбо боюнча 100дөн ашык медалдын ээси (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын 20 жаштагы тургуну Кайрат Төлөгөнов самбо боюнча машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы балбандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, спортко 10 жашынан тарта аралаша баштаган.

«Спортко кызыгууга атам түрткү болгон. Самбого 10 жашымдан баштап барып, ийгиликтерди жарата баштадым. 1,5 жыл машыккан соң Жангарач бийдин элесине арналган эл аралык турнирде 1-орунду багындырдым. 2017-жылы Кыргызстандын биринчилигинде жеңүүчү болдум. 2016-жылда ушул мелдештен 2-орунду ээлегем. 2017-жылы Азия оюндарында коло байге уттум. Андан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөгү мелдештерге катышып келдим. Бүгүнкү күндө 100дөн ашык медалдын ээсимин. Ушундай ийгиликтерге жетишүүгө жардам берген жаратканга, ата-энеме жана машыктырган агайым Андрей Васильевичке ыраазычылык билдиргем», - деди ал.

Балбан жигит келечекте ИИМ тармагында иштегиси келет. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×