Панфилов РИИБди 37 жаштагы Тилек Өмүралиев жетектейт
Turmush - Бүгүн, 3-февралда Чүй облусундагы Панфилов РИИБдин курамына жаңы жетекчи тааныштырылды. Мындан ары Панфилов РИИБди милициянын подполковниги Тилек Өмүралиев жетектейт. Ал 1981-жылы Панфилов районунда төрөлгөн.
Т.Өмүралиев буга чейин Нарын ОИИБде эмгектенип жаткан. Андан мурда — 2017-жылдын июль айына чейин Жайыл РИИБдин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары болгон.
Панфилов РИИБдин мурунку башчысы Тагай Нусупов рапорттун негизинде Ички иштер министринин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком