Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Чүй

Москва районунда эркек кишини поезд сүзүп кетти

Turmush -  Чүйдөгү Москва районунун аймагында эркек кишини поезд сүзүп кетти. Turmush басылмасына маалым болгон болжолдуу маалыматтар боюнча, окуя кечээ, 2-февралда саат 14:00 чамасында Беловодск айылынын аймагында болгон.

Кырсыктан Петровка айылынын 1972-жылы туулган тургуну А.Ш. жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер ал баш мээсинен, төбөсүнөн жаракат алып, бетинин териси жабыркаганын айтышты. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген учурда мас абалда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 505
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×