Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуМосква району 03.02.2018 11:54

Москвадагы унаа кырсыктан токтогулдук жигит жаракат алды

Turmush -  Кечээ, 2-февралда Москва районунда жүк ташуучу кичи автобус менен жеңил унаанын кагылышуусунан 25 жаштагы жигит жаракат алды.

Кырсык эртең мененки саат 8:00 чамасында болгон. Анын кесепетинен Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын 1993-жылы туулган тургуну К. уулу. Б. мээси чайкалып, дагы башка жаракаттар менен Москва райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×