Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуМосква району 02.02.2018 13:29

Видео - Темир Жумакадыровдун өлүмүнө айыпталган айдоочу 10 жылга жатак абакка кесилди

Turmush -  Мурунку вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыкка байланыштуу райондук соттун өкүмү чыкты. Өкүмдү бүгүн, 2-февралда Чүй облусундагы Москва райондук сотунун судьясы Нурлан Ажыбеков окуду.

Судья айыпталуучу — «КамАЗдын» айдоочусу Афтандил Таалайбек уулу (1992-жылы туулган) күнөөнү толугу менен мойнуна алганын белгиледи. Отурумдун жыйынтыгында айыпталуучу жатак абакта 10 жылдык мөөнөттө жаза өтөөгө жана Өкмөт менен президенттин иш башкармалыгына 2 млн 95 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилгени белгилүү болду. Ошондой эле 3 жылга чейин транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылды.

Буга чейин прокурор айдоочуну 11 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

АКИпресстин кабарчысы өкүм окулган учурду түз көрсөттү:

-----------------------------------------------------------------------------------

7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам — Т.Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жардамчысы ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмүнүн (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, бир нече адамдын өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголуп, жүк ташыган унаанын айдоочусу камакка алынган болчу.

Президенттик шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүчү республикалык штабдын башчысы болгон Т.Жумакадыров шайлоого карата Таластагы даярдыкты текшерүү үчүн жолгон чыккан эле.

Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 9-октябрда Бишкек шаарында өттү. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында уюштурулуп, мурунку президент А.Атамбаев баштаган мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жакындары жана шаардыктар катышып, денеси 38 жашында Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Анын артында 3 кызы, жубайы, ата-энеси, 2 карындашы жана иниси калды.

Т.Жумакадыровдун жардамчысы — 32 жаштагы Нурлан Жамгырчиев 8-октябрда Бишкектин Көк-Жар конушунда акыркы сапарга узатылган. Анын артында үй-бүлөсү жана 1 уулу калды.

Темир Жумакадыров менен бирге жол кырсыктан каза болгон Нурбек Муканов Кой-Таш айылындагы көрүстөнгө коюлду. 33 жаштагы Нурбек Мукановдун артында жубайы жана 1 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.