Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Чүй

Эл ичи— өнөр кенчи: Кеминдик 23 жаштагы Екатерина Санкт-Петербургдагы дизайнерлердин сынагында жеңүүчү болду

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда өскөн 23 жаштагы Екатерина Заболотнова кийизден саркеч кийимдерди тигип, дүйнөлүк мода сынактарга катышып жатат. Ал Санкт-Петербург шаарындагы «Этномода — 2017» сынагын жеңип алды. Аймактык кабарчы жаш дизайнер менен таанышты.

Е.Заболотнова 1995-жылы Россиянын Новосибирск облусунда төрөлгөн. Ал 1 жашка чыга электе ата-энеси Кеминге көчүп келишкен.

«Апам Галина Ли учурда ардактуу эс алууда. Ал насыя берүүчү ишканалардын биринде эсепчи, башкы директор кызматтарын аркалады. Ал эми, атам Игорь Заболотнов мен 10 жашка чыкканда көзү өтүп кеткен. Ал дзюдо боюнча СССРдин спорт чебери болгон. Атам каза болгондон кийин апам эжем экөөбүздү багуу үчүн эки-үч жерде иштөөгө арагасыз болду. Эжем учурда Түштүк Кореяда жашап жатат. Ал үй-бүлө куруп, 3 баланын энеси болду.

Өзүмдүн балалыгым спорт менен өттү. Баскетбол, волейбол ойноого абдан кызыгам. 2001-2012-жылдары Бишкектеги №17 А.С.Пушкин атындагы мектеп-лицейде окудум. Мектепте эң алдыңкы окуучулардын катарын толуктап, спорттук команданын капитаны болдум. Ошондой эле, мектепте өткөн сулуулар сынагына катышып, жеңүүчү аталдым. Мындан тышкары, «Бишкек-Динамо» баскетбол командасын жетектеп жүрдүм», - деди ал.

Дизайнер 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырган. Студент кезинде спорттук мелдештерге катышып, андан кийин кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө өткөн. Анын аркасы менен «Мисс Кыргызстан-2016» сынагында 2-орунду багындырып, белгилүү дизайнер Ынтымак Абдылдаев менен тыгыз иштешип баштаган.

«Менин «Купани Фесшион» аталышындагы коллекциям «Оймо-2017» сынагында байгелүү орунга ээ болуп, «Дебют» наамын жеңип алдым. Бул кесиптин аркасы менен Казакстанга бардым жана мурдагы президенттер — Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев менен жолуктум. Андан кийин Ы.Абдылдаев менен бирге Санкт-Петербург шаарында өткөн дизайнерлердин «Этномода-2017» сынагында «Кара-ак тасма» («Черно-белое кино») коллекциям «Рret-a-porter» наамына татыктуу болду. Ошондой эле, мода жумалыгы-2017 (Fashion Week) сынагына «Жаңы көз караш» («Новый Взгляд») коллекциям менен катышып, 1-орунду алдым. Менин алгачкы кардарларымдын бири белгилүү модель Ассоль Молдокматова болду. Ошондой эле, менин эмгектеримдин сүрөттөрү Кыргызстандын Франциядагы элчилигинде илинип турат. Мени ушул даражага жеткирген мугалимим Бурул Мамбетоваго терең ыраазычылык билдирем. Ал учурдагы мыкты дизайнерлердин бири», - деди ал.

Екатерина учурда улуттук кийимдерди изилдөөнүн үстүндө иштеп, жаңы коллекцияларды чыгарууга даярданып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1360
Көп окулду
×