Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 27.01.2018 14:46 Жаңыланды: 27.01.2018 17:17

Фоторепортаж - Суусамырда суук - 45 градуска жетти

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндө күндүзү - 34 градуска чейин суук болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев билдирди.

Анын айтымында, аймакта мындай аба ырайы жылдагыдай эле көрүнүш болгондуктан эч кандай кырдаал жаралбай эле.

«Былтыр ушул убакта - 45 градуска чейин суук болгон. Малчылардын көпчүлүгү байланыштан алыс тоо этектеринде жашашат. Аларга техника үчүн жол куруп бергенбиз. 15-20га жакын түтүн эл ат чана менен каттайт», - деди У.Отунчиев.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 27-29-январда абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -31…-36°, күндүз -21…-26° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40…-45°, күндүз -28…-33° суук болушу күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×