Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Таш-Дөбө айылындагы турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралды

Turmush -  Кечээ, 26-январда саат 18:00 чамасында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында арыкта аккан суу тоңуп, муз катмары пайда болду. Анын кесепетинен 4 турак үйдү жана алардын чарба аянттарын суу каптап кетүү коркунучу жаралганын ӨКМ билдирди.

Горький көчөсүндөгү суунун жээктерин бекемдөө иш-чараларына ӨКМдин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, райондук чарба башкармалыгынан 2 адам жана айыл аймактан 10 адам тартылды. Суунун жээгине 250 даана кап кум жана топурак төгүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1369
Көп окулду
×