Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Чым-Коргондо мас абалдагы айдоочу башкарган унаа турак үйгө кирип кетти

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында жеңил унаа турак үйдүн дубалын бузуп токтоду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол-транспорт кырсыгы бүгүн, 24-январда Казакбаев көчөсүндө болгон. Катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан жеңил унаа жолдон чыгып, Чым-Коргон айылындагы турак үйлөрдүн бирине кирип кеткен. Анын кесепетинен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1986-жылы туулган айдоочу П.А. (эркек киши) жеткирилди. Жабырлануучу баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган жана шыйрагы сынып кеткен. Аны ооруканага жеткирген учурда мас абалда болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1355
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×