Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуКемин району 26.01.2018 10:05

Жубайлар: Малга кол салган карышкырды кубалаган Ж.Бегалиевге ат чаптырган байбичеси жардам берген (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургундары Жекшен Бегалиев менен Батма Бегалиева 60 жылдан бери бирге түтүн булатып, 14 балага татыктуу тарбия берип, кызыктуу күндөрдү баштарынан кечирип келишет. Алар менен аймактык кабарчы жакындан таанышты.

Жекшен Бегалиев менен Батма Бегалиева 1954-жылы баш кошушкан.

«23 жашымда абышкам дос балдары менен күндүз мени көрүп, кечинде ала качып кетип, экөөбүз баш кошуп калганбыз. Салтка баш ийип отуруп калдым. 1960-жылдан тарта Кызыл-Октябрь савхозунда чабан болуп эмгектендик. Көптөгөн кызыктуу күндөрдү баштан кечирип, 14 баланы да чоңойттук. Ар кимиси өзү каалаган кесипти аркалап келет. Мисалы, уулубуз Жолдош Бегалиев Ысык-Көл облусунда полковник. Кыздарыбыздын баары турмушта, балдарыбыз очор-бачар болуп, небере-чөбөрөлөрүбүз менен алекпиз», - деди Б.Бегалиева.

Ал эми Жекшен ата айдоочулук кесипти аркалап, Орловка шаарында шахтанын жолдорун куруу иштерине катышкан.

«14 баланын атасы болуу — бул бакыт. Баарыбыз чогулсак бир үйгө батпай калчудайбыз (күлүп). Кемпирим экөөбүз 1954-жылы кол кармаштык. 1947-жылы жыгач устачылыгы боюнча билим алдым. Андан соң Бишкектеги машинисттин окуусун окуюн деп жаткам, бирок ал ийгиликсиз болуп калды. 1948-жылы Орловка шаарында шахтанын жолдорун куруу иштерине катышып, балдар ойноочу аянтчаларды жасап, тамдарды да курдук. Анда күндүз иштеп, кечинде окуп, шопур болдум. Ошентип, 1960-жылдан тарта Кызыл-Октябрда жашап, чабан болуп калдык.

Бир күнү койго карышкыр тийип, мен аны кубалап, таамай ата албай жинденип бара жаткам. Бир маалда өмүрү ат минбеген кемпирим атты чаптырып, алдыда бара жатат. Коркуп да кеттим. Үйгө келгенде урушсам, атам аны атка мингизип, мага жардам берсин деп жөнөтүптүр», - деп күлдү Жекшен Бегалиев.

Бегалиевдердин 6 уулу, 8 кызы (Жумабек, Алтынбүбү, Болот, Чынар, Кылыч, Сайрагүл, Айнагүл, Атыркүл, Света, Алмаз, Жолдош, Кенже, Айгүл, Анаркүл) жана 42 небереси, 24 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×