Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

«Жеңеке»: Орус кызы В.Мамбетова кыргыз үй-бүлөгө келин болуп, тойго келген жолдошунун көп тууганына таң калган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кант шаарынын 42 жаштагы тургуну Вероника Мамбетова.

Жалал-Абад шаарында 1975-жылы төрөлгөн Вероника жеңе орус улутунан. Ал мындан 22 жыл мурун кыргыз жигитине турмушка чыгып, кыргыз үй-бүлөгө келин болуп барган.

«Жалал-Абаддагы мектепте 1982-жылдан 1985-жылга чейин окуп, андан кийин Кант шаарына көчүп келдик. Бул жердеги мектепти 1991-жылы бүтүрдүм. Жолдошум менен Кант шаарында таанышкам. Жеке ишканалардын биринде иштеп жүргөндө мага жолдошум отчет дайындап берейин деп калды. Ошондо экөөбүз жакындан тааныштык. Анын улуу агасы менин кошунам болчу. Мени менен таанышкандан кийин ошол агасынын үйүнө көп каттап калды. Албетте, мага жолугуу үчүн.

Жолдошумдун мүнөзү жагат. Ал ак көңүл жана берешен. Үйлөнүү тойдун алдында жолдошум мага алтын шакек, алтын сөйкө белек кылган. Ошол белек өмүр бою эсимде калды», - деди ал.

Вероника жеңе Кенжебек мырзанын үйүнө барганда бир эле нерседен кыйналган.

«Башка улутка келин болуу мен үчүн аябай кызыктуу болду. Жаңы келгенде кыргыз тилинен аябай кыйналдым. Анткени кыргыз тилин бир аз гана билчүмүн. Башка кыйынчылык болгон жок. Кайын журтум мени жакшы кабыл алышты. Той күнү жолдошумдун көп туугандары келди. Аларды башында тааныбай жүрсөм, азыр баарын таанып калдым. Экөөбүздүн бирге жашаганыбызга 22 жыл болду, ошол 22 жыл ичинде кыргыз тилди өз эне тилимдей билип калдым.

Биздин үй-бүлөбүз төрт кишиден турат. Жолдошум — Кенжебек, уулум — Кайрат жана кичүү кызым — Диана. Үй-бүлөбүз ыймандуу, бири-бирибизди сыйлап жана урматтап турабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3645
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×