Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Чүй

Фото — Кара-Балтада арыкка тыгылып калган унаанын айдоочусу жардамга кеткенде күзгүсүн чыгарып кетишти

Turmush -  Кара-Балта шаарынын Победа аймагында 22-январдан 23-январга караган түнү «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, арыкка тыгылып калган.

Аталган унаанын айдоочусунун айтымында, түн ичинде музда жүрүп бара жаткан унаанын рулун башкара албай жолдон чыккан. Таң эрте достору менен арыкка тыгылган унааны чыгарууга аракет кылышкан, бирок жыйынтык болгон эмес.

«Үч жигит унааны чыгара албагандыктан эвакуаторду чакырдык. Бирок мен жардам сурап кеткенде унаанын капталындагы күзгүсүн белгисиз бирөөлөр чыгарып уурдап кетишиптир. Аябай капа болдум. Жөн гана чыгарып кетпестен, сындырып алышыптыр. Кырсык болгонун көрүп турушуп, ошондо дагы уурдашыптыр», - деди айдоочу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×