Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 19.01.2018 12:20

Айыл турмушу: Уста Э.Карабагышов эки кабаттуу керебетти 12 миң сомго чейин жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү Бек-Тоо дачасынын 31 жаштагы тургуну Элчибек Карабагышов бала кезинен устачылыкка кызыгып келет. Ал эки кабаттуу керебеттерди 6 миң сомдон 12 миң сомго чейин жасап берет.

«Устачылыкка окуучу кезимден эле кызыкчумун. Ортодо 10 жылдай башка иштер менен жүрүп, тыныгуу болуп калды. Эми устачылыкты кайра жандандырып баштадым. Менин чоң атам Мөкүш балбан, санжырачы жана уста дагы киши болгон. Ошол кишиден аябай таасирленгем. Дагы көп өнөрлөрүн үйрөнө албай калганыма өкүнүп кетем.

Учурда балдар үчүн тамак иче турган, сабак окуй турган, жата турган эмеректерди жасап жатам. Буларды үйдөн эле жасайм. Азырынча дүкөндөргө коё элекмин. Тааныш-билиштер эле сатып алып жатышат. Балдар тамак иче турган столдун баасы 2000-2500 сом, ал эми сабак окуй турган столдун баасы 3500 сом болсо, жата турган эки кабат керебеттин баасы 6 миң сомдон 12 миң сомго чейин барат», - деди ал.

Элчибек Карабагышов жубайы Бермет экөөнүн Чолпонай аттуу кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.