Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу 19.01.2018 11:01 На русском

Чүйдө операция жолу менен төрөгөн 42 жаштагы эне комага түштү

Turmush -  Чүй облустук төрөт үйүндө операция жолу менен төрөгөн 42 жаштагы Роза Жусубалиева комага түштү. Бул тууралуу АКИpress агенттигине анын кайын энеси Зейнеп Жакшыбаева билдирди.

Анын айтымында, келини бир ай мурун боюнан түшүү коркунучу болгондуктан Чүй облустук төрөт үйүнө которулган. «Ал бир ай ымыркайды сактоо үчүн ооруканада жатты. Келиним 15-январь күнү өзүн жаман сезгендиктен өзүм келдим. Кечинде кан жоготуп, ага операция жасалды. Алгач ага күчтүү наркоз беришип, операция учурунда гана жалпы наркоз сайышты», - деди ал.

Р.Жусубалиеванын туугандарынын айтымында, ал комага түшкөндөн бери жасалма дем алдырууда жатат. Бул ымыркай анын бешинчи баласы. Анын күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок жана балдарынын бири ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

АКИpress агенттигине төрөт үйүнүн жетекчиси Шайыргүл Узагалиева билдиргендей, операция тиешелүү эрежелер менен жасалган.

«Бардыгы туура жасалган. Москва шаарынан дары алып келүү керек. Дарыгерлер чогулуп, бул маселе талкууланды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×