Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Жаш талант: 16 жаштагы куудул А.Кеңешбеков ата-энеси тандаган кызга үйлөнөт (фото)

Turmush -  Айбек Кеңешбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында 2001-жылы 6-декабрда төрөлгөн. Ал ар кандай маданий иш-чараларга активдүү катышып, КВН боюнча Ысык-Атанын курама командасында ойноп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Учурда №2 Киров орто мектебинин 9-классында билим алып жатам. Мага география, дене тарбия сабактары жагат. Ал эми КВНге бала кезден бери кызыгам. Сыналгыдан Тамашоу, КВН көрүп, мен да роль жаратсам деп тилек кылып келчүмүн. Кудай буюрса ошол тилегиме акырындык менен жетип келе жатам. Ысык-Атанын курама тайпасына келгениме 1 жыл болуп калды. Мындан сырткары КВН оюндарын мектептерде уюштуруп жүрөм. Өткөн жылдын аягында, тактап айтканда 24-декабрда Ысык-Атада КВНдин финалы болуп, ага биздин тайпабыз катышып, 3-орунду алдык. Интермедияларды өзүбүз жазабыз. Аны турмушта болуп жаткан окуялардан алабыз. Келечекте белгилүү инсан болсом дейм», - деди ал.

Айбек Кеңешбеков ата-энеси айткан кызга үйлөнөрүн убада кылган.

«Болочоктогу келинчегимди чыгармачылык чөйрөдөн элестетпейм. Анткени ал үйдө отуруп, апама жардам бериши керек. Ата-энем жакында пенсияга чыгышат. Ошондуктан жубайым атам менен апамды сыйлаган, ыймандуу, акылдуу болсо дейм. Ата-энем каалаган кызды алам деп убада берип койгом. Мен өзүм каалаган кызга үйлөнбөйм деп кичинекей кезимден бери айтып келем. Ата-энеме кандай кыз жакса, ошону алам», - деди ал.

Айбек үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

«Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын. Эки эжем бар. Алар өз турмуш жолун таап кетишкен. Улуу эжем 5 балалуу, андан кийинки эжем 4 балалуу болду», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2774
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×