Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Чүй

«Сертификатты кааласаң өрттөп сал»: Дзюдочу Эдилбектин атасы уулуна 100 миң сомдук байгеси берилбегенине нааразы (фото)

Turmush -  Чүй районундагы Кегети айылынын 14 жаштагы тургуну Эдилбек Субанбеков 5 жылдан бери дзюдо менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Ал 2017-жылы 2-сентябрда Курман айтка карата Сокулукта өткөн ат оюндар боюнча чоң масштабдагы спорттук мелдештерге катышып, кыргыз күрөштөн 1-орунду ээлеп, баш байгени жеңип алган. Мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Эдилбектин колуна баш байге — 100 миң сомдук сертификат берилген. Бирок ал байгеси ушул күнгө чейин берилбей жатканын аймактык кабарчыга спортчунун атасы Замирбек Абдралиев билдирди.

сертификат2

«Баш байгеге ээ болгон балам үйгө кубанып келген. Кийин ал байгени алуу үчүн сертификатта көрсөтүлгөн курулуш компаниясына бардык. Алар "акча накталай берилбейт, эгер бизге үй курдурсаңар кеткен чыгымдын ичинен 100 миң сомду кемитебиз" дешти. Мен "үй салдырбайм, акчасын эле бербейсиңерби" десем, "акча берилбейт" деп кайра жооп беришти. "Баламдын шагын сындырбай, сертификатты колуна карматпай эле койсоңор болмок. Биз медаль менен дипломго деле сүйүнүп калмакпыз" дедим. Кийин ал курулуш компанияга телефон чалып, "жок дегенде 20 пайызын бербейсиңерби" десем, "болбойт, кааласаңар сертификатты өрттөп салгыла" деп жооп беришти», - деди ал.

Анын айтымында, уулу дзюдо менен 4-класстан бери машыгып келет. Учурда ал Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы спорт-интернатта 8-класста окуп жатат.

1 сертификат

«Уулум 4-класстан 7-класска чейин Кегети айылындагы спорт залдын машыктыруучусу Нурбек Дөөлөтбековдун колунда тарбияланды. Жубайым экөөбүздүн 4 балабыз бар. Эдилбек үйдүн улуусу. Аны жубайым 18 жашында 7 айлык кылып төрөгөн. Буга карабастан уулубуз чыйрак жана тың болуп чоңойду. Бала кезинде эле "мен да Эмил байкемдей балбан болом" дечү. Эмил деген иним дзюдо менен машыгып, спорттун чебери болгон. Уулум 4-класста окуп жатканда иним аны аталган машыктыруучуга дайындап, спортко алып келди.

Уулум менен абдан сыймыктанабыз. Ал спортто бир топ ийгиликтерди багындырды. 2015-жылы Ысык-Көл облусундагы Бакачы ата кубогунда самбо боюнча 26 кг салмак даражадагылар арасында күч сынашып, 1-орунду алса, өткөн жылы Бишкекте Мекен коргоочулар күнүнө карата өткөн дзюдо боюнча таймашта 38 кг салмак даражасында 1-орунга ээ болду. 2017-жылы борбор калаанын биринчилигинде жана Апрель элдик революциясынын баатырларынын элесине арналган эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Ошондой эле, Ысык-Ата районунда өткөн республикалык мелдеште жана Курман айт майрамында уюштурулган кыргыз күрөш боюнча беттеште да 1-орунду багындырды. Мындан тышкары, 2-3-орундарды да алып жатат. Эдилбектин жалпы ар кандай даражадагы 31 медалы бар», - деди ал.

Ал эми, жеңүүчүлөргө сертификатты берген курулуш компаниясынын директору Уралбек Бахирдиновдун айтымында, сертификатта накталай акча берилбейт деген жазуу бар. Жеңүүчүлөр үй курдурган учурда гана аталган компания 100 миң сомдук арзандатуу берет.

«1-орундарга 100 миң сомдук бонустук сертификаттарды бергенбиз. Бонустук сертификат деген – бул арзандатып берүүчү сертификат дегенди түшүндүрөт. Ал тургай, ал сертификаттын өзүндө деле «накталай акча түрүндө берилбейт» деп жазылып турат. Дүйнөлүк практикада курулуш компаниялар ушундай ыкма менен мелдештерде байге катары бонустук сертификаттарды берип келишет. Мелдештин жеңүүчүлөрү ошол курулуш компаниянын кызматын колдонуп, үй салдырат. Үй салдырганда бардык кеткен чыгымдан 100 миң сомду кемитип, арзандатып беребиз. Биз бул жерден биринчиден пайыздык өлчөм койгон жокпуз. Экинчиден жеңүүчү балдардын атын сертификатка жазган жокпуз. Себеби, алар өздөрү үй салбаса анда башка туугандарына, муктаж болгон жаш үй-бүлөлөргө берип койсо да болот. Же сертификатты баалап сатып жиберсе да болот. Ал сертификатты сатып алган киши аны бизге алып келип, 100 миң сомдук арзандатуу менен үй салдыра алат. Бизге келгендерге айтып, түшүндүрүп жатабыз. Бул сертификаттын мөөнөтү да каралган эмес. Кайсы убакта болсо келе берсе болот», - деди ал.

2017-жылдын 2-сентябрында Чүйдүн Сокулук районунда улуттук ат оюндар боюнча чоң масштабдагы спорттук мелдештер өткөн. Иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Курман айтка карата уюштурулган болчу. Улуттук оюндарды колдоо жана жайылтуу максатындагы иш-чарада спортчулар улуттук оюндардын жыйырмага жакын түрүнөн күч сынашкан.

Тема боюнча: Сокулуктагы улуттук оюндар мелдешинин байгесине 85 баш боз үй жана 2,5 млн сом коюлат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 24389
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
benzema
07:29, 18 января 2018
Пускай все теперь будуть знать что в этой компании не следует покупать квартиры, что здесь работают мошенники, спикулянты, аферисты!
Нет аватара
major78
00:54, 18 января 2018
Точно Адекспи?

Кечээ эле бир таанышым айтып жатты эле ушул компаниядан үй алып жатам деп.

Срочно ушул статьяны жөнөтөйүн
Нет аватара
dohtur
00:41, 18 января 2018
Слов просто нет! Идиоты! Хоть бы форму новую подарил бы!!!! Больше пользы...
Нет аватара
dohtur
00:37, 18 января 2018
Идиотизм!!! Лишь бы не давать деньги!!! Аферисты!!! Себя бля рекламируют, а платить за это не хотят!!! Нет бы брать таких сильных детей на личное спонсорство!!! Нее бля, вы наоборот, на них себе имя делаете!!! Поэтому спорт в Кыргызстане в глубокой жопе!!!! Это касается и спорткомитетов.... федераций и министерства!!!!!!!!!!!
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
remmbo
22:43, 17 января 2018
Аферы... В фирму АДЕКС ни ногой
Нет аватара
hazard
22:18, 17 января 2018
Строительная компания Адекс значит. Маленького мальчика разводят.
Нет аватара
b-qwerty-b
21:38, 17 января 2018
академия роста тоже на своих олимпиадах дарили аместо призов такие сертификаты. которые ничего не стоят. позорники. дети нормальные призы заслужили
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
edik_1991
21:31, 17 января 2018
Сама фамилия БАХИРДИНОВ доверия не внушает!

Думаю людям интересно будет как называется его строй фирма?

Позор!
Нет аватара
tiko
21:05, 17 января 2018
В принципе сатып ийсе деле болот, ошол компания менен иштешкен куруучуларга баасын арзаныраак баалап
Нет аватара
dn74
20:50, 17 января 2018
Болот Саткеев Сиз Сокулук районунун Акими болуп 2017 ж. март айында бекитилгенсиз.
Женишке ээ болгон жигиттин 100мин сомун берип коибойсунарбы. Алдагы шылуун сыяктуу курулуш компания менен иш тузбой эле, аты баркы элге таанымал ишкерлерди демоорчу кылсанар болмок.

Байгесин болуп жарбай, бойроктон шыйрак чыгарбай эле толоп койсонор ата энеси, тууган уругу, жалпы элдин батасын жана алкышын алсаныз озунорго жакшыго
Саткеев мырза.
Уралбек Бахирдинов кылган мамиле тубунон туура эмес. Аллахтан коркпойбу, элден коркпосо.
Нет аватара
loginparol
19:58, 17 января 2018
Какого черта ему сертификат на строительство дают организаторы, лучше бы 1000 дали или грамоту с надписью "Молодец"
Нет аватара
Bashalaman
19:20, 17 января 2018
Байтикеев имей совесть оплати
Нет аватара
Marioshnider
19:19, 17 января 2018
Ушундай тушунбостук чыгып кетиптир, курулуш компаниясы баланын шагын сындырбай жок дегенде 5 мин сом кармаитып койсо болмок да! Ушундай да демоорчу болмок беле?! Курулуш компаниянын директору Европаны айтып коет, Европада баары так айтылат, спонсор болгон сон акчалай жардамы да бар, ушуга окшогон сертификаттары да кошумча берилет! Же болбосо соттоп ит кылат ушундой шылуун-спонсорлорду! Акмак эле экен Уралбек бахирдин атту директор!
Нет аватара
pinkerton02
19:18, 17 января 2018
Надо в суд обращаться мошенничество налицо, а низ сертификата там где мелкие буквы надо аккуратно отрезать
аватар
fox72
18:52, 17 января 2018
уюштуруучу ким болбосун акмак эле адамдар экен, осуп келе жаткан спортчунун шаагын сындырган. Бети жок шылуундар. Куруучу ишкана демоорчу болгон да. Атасы туура айткан орттоп сал деп.
Аман болсо дагы коптогон байгелерге жетеер буйруса.
Уралбек Бахирдинов ПОЗОРНО И СТЫДНО ДОЛЖНО быть Вам и Вашей компании. Ладно оранизаторы, Вы могли бы проявить толику уважения к спорту в целом и к призеру в частности, выделив хотя бы 50% обещанного. Ваш сертификат ему если без надобности ...
Нет аватара
lagmanshow
18:48, 17 января 2018
Уралбек Бахирдинов аферисттигин жаш балага корсотпой эле койсо болмок.Улууларды алдасын.Компаниянын аты эмне болдукен?уй алгандарды да ушинтип алдайт окшойт.100 000 сомду башыма садага деп коюшсун,Уралбек котуно тыгып алсын!
Нет аватара
sunt.888
17:57, 17 января 2018
Скорее всего не дадут, на сертификате внизу мелким шрифтом написано "накта берилбейт", хитро поступили и эта компания будет ссылаться на это, им то че главное засверкаться. Эдилбеку удачи в будущем!
Нет аватара
benzema
17:53, 17 января 2018
Ошол сертификатты берип жатып айтышса болмок, биз акчаны бербейбиз деп, жаш балагын конулун тушурбой, эмне ушул куруучу кампаниянын акчасы жок дейсинерби, эптеп атын чыгарайн деген бир ишкага окшойт да,
Нет аватара
Carry159
17:48, 17 января 2018
Все построена на лжи и наживе
Нет аватара
Adilet1155
17:46, 17 января 2018
Мошенники одним словом, пропиарился в то время, а теперь ему жалко каких-то 100 тыс. сомов. Уят болуш керек, намыс болуш керек.

Иним сен эч кыжаалат болбо, ийгилик эч качан акчага байланбайт, чеберчилигинди оркундото бер.

Аллахым сага коп-коп ийгиликтерди насиип этсин.
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
Sam100
17:31, 17 января 2018
Баш айлантпай, акчалай эле берип койсо болмок экен! Женишке жетишкен жаш бала эртенки кунку койгон максаты, мелдештерден дагы утам, адилеттулук бар деген тилегин таш капты да. Ал сертификаттын алдына уй салсанар 100 мин сом кемитип беребиз дегенине кайдан тушунсун! Мндай байгени биринчи жолу угушум. Жон гана байгени бербоонун шылтоосу го
Нет аватара
Kaktuskg
17:24, 17 января 2018
Загловке грамматическая ошибка в слове "улууна"
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×