Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу, Кант 17.01.2018 10:37

РИИБдин кызматкери 500 доллар пара алып жатканда кармалды

Turmush -  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) кызматкерлери тарабынан РИИБдин кызматкери пара талап кылган фактынын бети ачылды. Бул маалыматты ведомствонун басма сөз кызматы бүгүн, 17-январда таратты.

Маалым болгондой, Финансы полициясына П.И. аттуу жаран Ысык-Ата РИИБдин кызматкери К.У. кызмат абалынан пайдаланып жардам көрсөтүү үчүн 500 доллар талап кылып жатканын билдирген. Бул факты боюнча Башкы прокуратура КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш ишин козгоду. Анын негизинде кечээ, 16-январда ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, Финансы полициясы менен ИИМдин кызматкерлери шектүүнү Кант шаарында пара алып жаткан учурда колго түшүрдү.

Учурда шектүү Бишкектеги абакка убактылуу камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×