Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Айыл турмушу: Келечектеги архитектор Т.Жолболдиев сүрөт тартып, кошумча каражат табат (фото)

Turmush -  Ат-башылык 19 жаштагы Тынчтык Жолболдиев кичине кезинен тарта сүрөт тартууга кызыгып, сүрөтчүлүк боюнча орто окуу жайдан билим алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Сүрөтчүнүн айтымында, сүрөт тартуу бала кезиндеги кыялы болгон. Ал эми азыркы тапта архитектор болууну кыялданып, жогорку окуу жайдан билим алуга даярданып жатат.

«Менин ата-энем Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынан болушат. Ата-энем мен биринчи класста окуюн деп калганда Кант шаарына көчүп келип отурукташып калышкан. 1-класстан 7-класска чейин Кант шаарындагы орто мектепте окудум. 8-класстан тарта Бишкек шаарыбызда сүрөт мектеп-интернаты бар экенин угуп, ошол жакта окуп калдым. Бул жактан мектептин программасы менен сүрөт тартып, скульптура жасайбыз. 2016-жылдын ноябрь айында өткөн сүрөт көргөзмөсүнө катышып, 3-орунду багындырып, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйлангам.

Кичинекей кезимде сүрөттөрдү тартууга абдан кызыкчумун жана сүрөтчү болом беп кыялданчумун. Учурда бул мектепке келгениме абдан сүйүнөм. Сүрөттөрдү кандай тартуу керектигин толугу менен үйрөнүп жатам. Бирок сүрөтчү болуу кыялымды азыр өзгөрттүм. Азыркы кыялым — мыкты архитектор болуу. Бул мектепти аяктаган соң борбор шаарыбыздагы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин архитектор жагында окуюн деп пландап койдум. Буюрса ал жакты ийгиликтүү, жакшы окуп бүтүрүп, мыкты архитекторлордун катарын толуктагым келет. Жакшы идея менен өзгөчө үйлөрдүн долбоорун чийип чыксам дейм. Ал эми сүрөт тартуу менин хоббим катары калат», - деди ал.

Сүрөтчү Тынчтык Жолдолбиев жыл сайын жайкы жана кышкы эс алууларда Ат-Башыга барып турат.

«Мен бул жакта жашаганым менен Ат-Башыга эс алуу сайын барып турам. Ат-Башыга барганда билим алуу борборунан компьютердик курсун окуп, сетификатка ээ болгом», - деди ал.

Каарманыбыз бош убактысында буйрутма менен сүрөт тартып, кошумча каражат табат. Спорттун бокс, футбол түрүнө кызыгып келет. Андан сырткары гитарада ойнойт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1718
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×