Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.01.2018 12:13

Шашылыш билдирүү: Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Turmush -  2018-жылдын 13-январынан 16-январына чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Аталган түзүмдөн билдиргендей, 14-16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйыңдатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×