
Turmush - Белгилүү ырчы Анжелика Бекболиева жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу тууралуу арыз жазган. Limon.kg сайты инсайдерлерге шилтеме берип билдиргендей, процесс 2017-жылдын декабрында башталган болчу. Кийинки отурум январдын аягына белгиленген.
Ырчы 11-классты аяктап жаткан жылы кышында турмушка чыккан. Учурда 3 кыздын апасы.