Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Айыл турмушу: Энергетика тармагында эмгектенген А.Эсеналиев футбол ойноп, ийгиликтерди багындырып келет (фото)

Turmush -  Алмаз Эсеналиев 14 жылдан бери электр сатуу тармагында үзүрлүү эмгектенип, Сокулук районунда «Жылдын мыкты энергетика кызматкери» наамына ээ болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алмаз Эсеналиев Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Калыгул айылында 1982-жылы 7-февралда төрөлгөн.

«1999-жылы Чүй районунун Калыгул айылындагы Т.Оңолбаев атындагы №32 орто мектепти аяктагам. Андан кийин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырып, аны 2004-жылы бүтүрдүм. Окууну аяктаган жылы эле шаардагы энергия сатуу бөлүмүндө инспектор болуп эмгек жолумду баштадым. Ал жакта 2005-жылга чейин эмгектенип, 2006-жылдан баштап Бишкек шаарынын Чыгыш РЭСине которулуп, андан соң Сокулук РЭСинде башкы инженер болуп ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатам. 14 жыл аралыгында үзүрлүү эмгектенип, акимдердин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Энергетика жана өнөр жай министринин, «Чыгыш электр» ишканасынын сыйлыктарын алып, быйыл Сокулук районунун «Жылдын мыкты энергетика кызматкери» деген наамына татыдым», - деди ал.

Алмаз Эсеналиев үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

«Мен үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун. Ал эми өзүмдүн 2 уул, 1 кызым бар. Биздин кесиптин кемчилиги жок. Ал эми артыкчылыгы элди ар дайым жарык жана жылуулук менен камсыз кылганында. Келечекте элге чоң жана пайдалуу кызмат кылып, аларды үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылуу менен техникалык жана коммерциялык жоготууларды жокко чыгарсак деген тилектерибиз бар.

Бош убакытты балдарым, үй-бүлөм менен бирге өткөрөм. Жайкысын табияттын кооз жерлерине барып, эс алып келебиз. Өзүм бильярд, футбол ойногонду жактырам. Анча-мынча мелдештерге чыгып, сыйлыктарга да жетишип жүрөбүз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3105
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×