Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Чүй

Айыл турмушу: 25 жаштагы Мухамет пескоблокту кантип туура тандоо керектигин айтып берди (фото)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын 25 жаштагы тургуну Абдиназар уулу Мухамет 4 жылдан бери пескоблок чыгарып, ишкерлик кылып келет. Ал келечекте оймо-чиймелүү пескоблокторду чыгарууну көздөөдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мурда башка ишкерлердин колунда пескоблок чыгарып, катардагы жумушчу болуп иштеп келгем. Ошол жерден бир топ тажрыйба топтодум. Бир күнү ѳз алдымча деле ишкерлик кылып, пескоблок чыгарып кѳрсѳм кандай болот деген ой келди. Ошентип мындан 4 жыл мурун тобокелчиликке барып, ѳзүмдүн жеке ишкерлигимди баштап калдым. Азыр кудайга шүгүр, бир топ кардарларды таап, жумушум ѳнүгүп калды. Биздин пескоблоктордун ѳзгѳчѳлүгү — аны таза цептен чыгарабыз. Кээ бирөөлөр жуубай, тазалабай эле чыгарышат экен. Кир, таза эмес цептен чыгарганда пескоблоктун сапаты да анча жакшы болбой калат. Экинчиден пескоблок чыгаруучу калыпты жылына бир жолу жаңыртып сатып алып турабыз. Калыптарды 2-3 жыл иштетсең пескоблоктун сапаты, формасы начарлай баштайт. Үчүнчүдѳн кошо турчу кошулмаларды өз өлчөмү менен кошобуз. Азайтып же кѳбѳйтүп жиберсе да болбойт», - деди ал.

Мухамет мырза пескоблокту кантип тандоо керектигин айтып берди.

«Жаңы идея кошуп чыгарсам деп кѳп ойлоном. Мисалы кыргыздын оймолорун түшүрсѳң кандай сонун болмок. Келечекте буларды да чыгарабыз деген ойлорубуз бар. Бирок ал кѳп чыгымды талап кылат экен. Негизи кардарлар пескоблокту тандаганда кээ бир нерселерден жаңылып калышат. Пескоблокту тандаганда, эң биринчи ѳңүнѳ караш керек. Таза цептен чыккан пескоблок киргил болбой, кѳгүш болот. Андан соң формаларын, көлөмдөрүн караш керек. Бир жагы кичине, ал эми экинчи жагы чоң болуп калышы да мүмкүн. Бурчтарын да сѳзсүз караш керек. Жылмакай пескоблокту да кѳп сунуштабайт элем», - деди ал.

Жеке ишкер бала кезинен техникага жакын өскөн.

«Ѳзүм бала кезден техникага жакын өстүм. Азыр аппаратты өзүм оңдоп, ширетүүчү жерин өзүм ширетип алам. Келечекте ушул ишкерлигимди дагы өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүү менен бирге элге пайдам тийсе экен дейм. Кийин чоң ишкер болгондо үйү жокко үй салып, тону жокко тон берип, колдон келген жардамымды берсем деген тилегим бар. Азыр деле колумдан келишинче аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берип келем», - деди ал.

Абдиназар уулу Мухамет Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылында 1992-жылы төрөлгөн.

«Үй-бүлѳлүүмүн, бир кыздын атасымын. Өзүм медреседен билим алып, араб тилинин грамматикасын окугам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2484
Көп окулду
×