Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Чүй

Мушкер Ө.Малабеков Эстониядагы профессионалдар арасындагы беттеште жеңишке жетти (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын 26 жаштагы тургуну Өмүрбек Малабеков жакында эле бокс боюнча Эстонияда өткөн беттеште жеңишке жетти.

Өмүрбек Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, ал бул беттешке даярдануу үчүн Россиянын Санкт-Петербург шаарында машыгуусун улантып келген.

«Бул мелдеш эмес. Ал тажрыйбалуу мушкерлердин арасында бир жолу боло турчу беттеш. Мени менен беттешке чыккан грузиялык мушкер профессионалдык 22 беттеш ѳткѳрүп, анын он беттешин утуптур. Ошол он беттештин алтоосунда каршылаштарын сулата чаап жеңишке жетиптир. Биз ошол мушкер менен беттешип, 6:0 эсебинде жеңишке ээ болдук. Мен ушуну менен профессионалдык үчүнчү беттешти утуп, жалаң упай менен жеңишке жетип келе жатам», - деди мушкер.

Беттеш Эстониянын Таллин шаарында 6-январда ѳткѳрүлдү.

Буга чейин Өмүрбек Малабеков жакында Эстонияда грузиялык мушкер менен беттешерин аймактык кабарчыга маек берип жатып билдирген болчу.

Өмүрбек Малабеков Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда өткөн мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды багындырып келген. Россияда өткөн Дүйнөлүк кубокто 3-орунду алып, 2013-жылы Иордания өлкөсүндө өткөн Азия чемпионатында коло медаль менен кайткан. 2016-жылы Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирдин катышуучусу болгон.

Ал Манас районуна караштуу Көк-Дөбө айылында 1991-жылы жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4132
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×