Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Чүй

Экс-президент А.Атамбаевге окшош адамга жолуккан Эльдар өлкө башчынын белегине ээ болду (фото)

Turmush -  Токмок шаарындагы №2 мектептин 2-классында окуган Эльдар Аблабеков шаар боюнча президенттен жалгыз белек алды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Эльдардын айтымында, ал жаңы жыл алдында президентке кат жазган.

«Мен президенттен компьютер жана карындашым Каныкейге үйү бар куурчак сурап, кат жазгам. Ѳзүм мектепте жалаң «4», «5» деген баага окуйм. Келечекте президент болсом дейм. Себеби, бала бакчага барып жүргөндө Алмазбек Атамбаев менен кѳчѳдѳн жолугуп калып учурашкан элем. Ошондон кийин президент болгум келет» - деди ал.

Эльдардын агасы Улукбектин айтуусунда, ал экс-президенттин ѳзү менен эмес ага окшош адамга жолукканын айтты.

«Чынында ал адам Алмазбек Атамбаевге абдан окшош экен. Аны менен учурашкандан кийин аны чынында эле президент экен деп ойлоп калыптыр. Ошондон кийин президент болом деп калды. Иним кѳп нерсеге шыктуу жана дилгир бала. Азыр пианинодо ойногонду үйрөнүп жатат. Үйдѳ да пианино бар, анда ойноп турат. Биз үч бир тууганбыз, Эльдар ортончубуз. Андан кийин Каныкей аттуу карындашыбыз бар», - деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан келген планшет жана жаңы жылдык таттуу белектерди шаар башчысы Ж.Шамыралиев ѳз колу менен тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1866
Көп окулду
×