
Turmush - Ысык-Ата районунун аймагында жол кырсыктан 5 аял киши ар кандай деңгээлде жаракат алды. Алардын кичүүсү 8 жашка толо элек.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдирген болжолдуу маалымат боюнча, окуя кечээ, 4-январда саат 17:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда болгон.
Ооруканадан медициналык жардам алып, үйүнө чыгарылган жабырлануучулар (Ысык-Атадагы Милянфан айылынын тургундары):
- 1977-жылы туулган Г.Ф.;
- 1979-жылы туулган К.Х.;
- 2010-жылы туулган Г.К.;
- 1965-жылы туулган Х.Медина;
- 1965-жылы туулган Т.Д.