Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Чүй

Эки адамды өлтүрүп, акча, алтындарын тоноого шектелгендердин бири спорт менен машыккан, - Чүй ОИИБ

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы үй-бүлѳгѳ куралдуу кол салууга шектелип кармалгандардын бири аскер адамы, экинчиси таэквондо боюнча дүйнѳ чемпиону болгон деген маалымат тарап, социалдык тармактарда талкууланып жатат. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы аймактык кабарчыга тактады.

«Шектүүлөрдүн бири аскер адамы болгон деген маалымат чындыкка жатпайт. Кармалган адамдардын баары эч жерде иштешкен эмес. Алар жумушсуз, үйдѳ отурушкан. Болгону бир шектүү спорт менен машыкканы аныкталды. Бирок кайсы спорттун түрү менен машыккандыгы жѳнүндѳ азырынча белгисиз», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин Чүй облусунун Москва районунда катталган оор кылмышка шектүү катары дагы 3 адам кармалган болчу.

ИИМдин маалыматына караганда, учурда оперативдүү иликтөө иш-чаралары уланууда.

1-январда саат 04:25 чамасында Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Беловодск айылында куралдуу кол салуу болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринен 69 жаштагы К.М. (аял киши) жана анын 45 жаштагы кызынын (П.И.) жансыз денелерин табышкан. Аларга ок атылгандыгы аныкталган. Үй ээси – 45 жаштагы П.В. оор жарааттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Кылмыш болгон жерди ИИМдин тергөө-оперативдүү тобунун, Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин кызматкерлери карашкан. Ал жерден ок атуучу куралдын 12-калибриндеги октору табылган.

Маалым болгондой, 1-январга караган түнү саат 04:00 чамасында беткап кийген белгисиз адамдар тоноо максатында үйгө киришкен. Кылмышкерлер бир нече жолу ок чыгарып, 69 жаштагы аял жана анын кызы октон жараат алып, окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми үйдүн ээси оор жаракат алган.

Кылмышкерлер 100 миң сомдон ашык каражат жана алтын буюмдарды алгандан кийин качып кетишкен. Аталган факт боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 3 адам кармалган. Алар — 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В., 20 жаштагы Д.К. Шектүүлөр Аламүдүн районунун жана Бишкек шаарынын тургундары.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кармоо иштери жүрүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган 93 миң сом жана алтын буюмдар табылган. Ошондой эле, ок атуучу курал жана алардын унаасы табылган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2031
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×