Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Токмоктогу балдар үйүндѳ жашаган окуучу кызга шаар башчысы уюлдук телефон тапшырды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарында жайгашкан «Бейкут» балдар үйүнѳ жаңы жылдык белектери менен мэр Жыргалбек Шамыралиев барып, балдардан кабар алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

«Жыргалбек Шамыралиев балдар менен баарлашып, берген суроолоруна жооп берди. Ошол жерде отурган 9-класстын окуучу кызы уюлдук телефону жок экенин айтты. Мэр дароо уюлдук телефон алдыртып, аталган кызга тапшырды. Ошондой эле, алардын ар кандай суроолоруна жооп берип, көйгөйлөрүн чечүү үчүн уюлдук телефонунун номурун берди», - деп билдиришти мэриядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×