Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Чүй

Беловодск айылындагы борбордук парк 470 миң сомго оңдоп-түзѳѳдѳн ѳттү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын борбордук паркы оңдоп-түзѳѳдѳн ѳттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Төлөмүшов билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштерине 470 миң сом жергиликтүү бюджеттен каралган.

«Курулуш иштери ноябрь айында башталып, ачылышын 1-декабрда жасаганбыз. Бул парк кѳп жылдан бери каралбай калган эле. Быйыл оңдоп-түзѳп, жаркыратып койдук. Ага жергиликүү бюджеттин эсебинен 470 миң сом каражат бѳлүндү», - деп билдирди ал.

Аталган борбордук парк жаңы жылга карата 100 миң сомго жакын каражатка кооздолуп жасалган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1186
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×