Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуМосква району 03.01.2018 17:46

Балатынын өрттөлүшү: Жүздөн ашуун тургундар майрамдап, жардыргыч заттарды колдонуп жүрүшкөн

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылынын борборундагы жаңы жылдык балаты өрттөнүп жаткан учурда 100гө жакын адам майрамдап жүрүшкөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, борбордук аянттагы кооздолуп жасалган балатынын жанында кѳп адамдар ар кандай жардыргычтарды жардырып жүрүшкѳн.

«Негизи балатынын жанында 100гө чукул адам майрамдап жүрүшкөн. Аяз ата менен элдер сүрѳткѳ түшүп, ар кандай оюн-зооктор болуп жаткан. Мындан тышкары тарсылдактар ар кайсы жерден жарылып жаткан. Бир маалда балатыбыз ѳрттѳнүп кетти. Элдин баары уюлдук телефонуна өрттөнгөн балатыны тартып жатканда, биз да тартып алдык. Ѳрт ѳчүрүүчүлѳргѳ да чалдык. Учурда милиция кызматкерлери териштирип жүрѳт дейт. Бирок кимиси өрттөп кеткени белгисиз. Ушул балатынын ѳрттѳнүшү маанайыбызды түшүрдү, ал эми калганы жакшы эле», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Айыл өкмөттүн маалыматына караганда, балатыны орнотууга 100 миң сом каражат чыгымдалган.

Буга чейин Turmush басылмасы Москва районунун Беловодск айылынын борборундагы жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткендиги тууралуу маалымдаган.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 1-январга караган түнү болгон.

Өрт балатынын алдында жардыргыч заттарды жардыргандан кийин чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×