Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Чүй

Генератордон чыккан түтүнгө ууланган 100 адам: Окуя болгон жерден сүрөттөр

Turmush -  Чүй районунун Кегети айылындагы мектепте генератордон чыккан түтүнгө ууланган окуучулардын жана мугалимдердин арасынан алты адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 27-декабрда болжол менен саат 15:30 чамасында Чүй районунун аймактык ооруканасына балдар жана чоң адамдар келип түшкөн.

Кийинчерээк өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова бул окуя тууралуу маалымат берип, 27-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүп, оор кар жаагандыгына байланыштуу Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүндө электр жарыгы өчүрүлгөндүгүн айтты.

«Чүй районунун Кегети айыл аймагына караштуу Кегети айылындагы Исаев атындагы орто мектебинде жаӊы жылдык балаты майрамын өткөрүү мезгилинде жогоруда айтылган себептердин негизинде электр жарыгынын жоктугуна байланыштуу генератор менен электр жарыгы берилген. Жаӊы жылдык балаты майрамына мектептин 7-8-класстарынын окуучулары катышкан.

Алгач саат 15:20 чамасында 46 окуучу жана 4 мугалим ооруканага кайрылган, андан тышкары 60 окуучу профилактика максатында ооруканага алынып келген. Жалпы 106 окуучуну райондук аймактык ооруканада текшерип, 72 балага алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүлүп, ата-энелери менен үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бардык балдар жана мугалимдер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун көзөмөлүндө. 34 окуучу, 4 мугалим ооруканада калды. Алардын ичинен 2 окуучу жана 1 мугалим орточо абалда ууланса, 32 окуучу жана 3 мугалим жеӊил уулануу абалында. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, оор абалдагылар жок.

Бүгүн, 28-декабрда саат 9:00дө баардыгы 35 адам (32 окуучу жана 3 мугалим) ооруканадан чыгарылат. Ооруканада 2 окуучу жана 1 мугалим дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана жергиликтүү ҮДТнын дарыгерлери тарабынан жеринде тиешелүү иш жүргүзүлүп, ар бир үйдөгү балдар текшерилип, көзөмөлдө турат», - деди ал.

Буга чейин Чүй облусунда дискотека уюштурган окуучулар генератордон чыккан түтүнгө ууланышкандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалым болгондой, Чүй районунда ушул жылдын 27-декабрында саат 14:00дө Кегети айыл аймагындагы Кегети айылынын Исаев атындагы орто мектебинин 7-8-классынын окуучулары электр жарыгы жок учурда мектептин спорт залында электр чыгаруучу генератордун жардамында дискотека уюштурушкан. Анын кесепетинен саат 17:00дөн баштап Чүй райондук ооруканасына 50гө жакын окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланып кайрылышкан. Азыркы учурда ооруканага кайрылган окуучулардын абалы туруктуу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5479
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×