Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Чүй

Кыргызстандын жаратылышы: Карагайлуу Карагай-Булак капчыгайы (фото)

Turmush -  Карагай-Булак капчыгайы Чүй облусунун Кегети менен Туюк капчыгайларынын ортосунда жайгашкан. Карагай-Булактын тоолорунан Карагай-Булак суусу агып түшѳт. Бишкек шаарынан 75 чакырым аралыкта жайгашкан. Ушул Карагай-Булак капчыгайы тууралуу Гүлбара Оморова аймактык кабарчыга айтып берди.

- Эл ташуучу же жеңил автоунаа менен ылдыйкы фермага чейин барса болот. Андан ары ашууга чейин 8-10 км жѳѳ басуу керек. Ашуунун бийиктиги деңиз деңгээлинен 2540 метр. Бул жерге баруу маршруту татаалдыкты жаратпайт, жол бар жана 4 мезгилде тең барса болот. Анан да Карагай-Булакта жыш ѳскѳн, кооз карагайлар кѳп. Кызыл карагайлар ѳсѳт жана ак кайыңдар чыккан токойчо бар. Карагайдын кѳптүгүнѳн жана тоодон аккан булакка байланыштуу Карагай-Булак деп аталып калган. Кѳп жылдык карагайлардын арасында козу карындардын түрү, дары чѳптѳр ѳсѳт. Жай мезгилинде ѳзгѳчѳ кооз болуп, бул жерден шаар тарапка жакшынакай кѳрүнүш панорама ачылат. Абасы таза жана салкын. Жүрүп отуруп чокуларын кар баскан тоолорго улам жакындаган сайын кооздугу артат. Аба ырайы коктунун ичи менен жүргѳнгѳ күндүн илеби азыраак тийип, жогорулаган сайын салкын тартып барат.

Кегети капчыгайынан киргенде сол тарапта суу агат жана тоолордун бетинде карагайлар ѳссѳ, ал эми оң тарабында такыр тоолор болуп, эки башка ланшафтты түзѳт. Кѳргѳн кѳзгѳ бул жерди ого бетер кызыктуу жана кооз кѳрсѳтѳт. Капчыгайдын ылдый жагы жайыттар жана жаз, жай мезгилдерде кѳптѳгѳн тоо беттеп оттогон кой, уй, жылкылар кездешет. Жаз айында бул жактарда эң даамдуу кымыз даярдалат. Карагай-Булак коктусуна Туюк капчыгайынан жана Кегети жактан барууга болот. Бир коктудан кирип, экинчисинен чыксаңыз жалпы басып ѳтүүчү жол 14-15 чакырымды түзѳт жана 4-5 саат убактыңыз кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 590
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×