Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Электр жарыгысыз дискотека: Иске ууланган 100 адамдын алтоо жандандыруу бөлүмүнө жатты

Turmush -  Чүй районунун Кегети айылындагы мектепте генератордон чыккан түтүнгө ууланган окуучулардын жана мугалимдердин алтоосу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 27-декабрда болжол менен саат 15:30 чамасында Чүй районунун аймактык ооруканасына балдар жана чоң адамдар келип түшкөн.

Массалык уулануунун жагдайларын аныктоо учурунда Чүй районунун Кегети айыл аймагына караштуу Кегети айылындагы мектепте балаты майрамы учурунда электр энергиясы өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу генератор күйгүзүлгөндүгү маалым болгон.

Чүй аймактык ооруканасынын директору Нурбек Абдрахмановдун айтымында, аталган ооруканага 75 жабырлануучу түшүп, анын төртөө мугалимдер болсо, жетимиш бири окуучулар болушкан. Алардын баарына көмүртек кычкылы менен уулануу деген диагноз коюлду. Азыркы тапта 6 бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми калган жабырлануучулар жалпы бөлүмгө жиберилип, алардын абалы орточо деп бааланып, көмүртек кычкылы менен уулануунун жеңил түрү менен жабыркоо диагнозу коюлду. Бардык жабырлануучуларга тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, көзөмөлдөнүп жатат.

«Саат 21:00гө карата аймактык ооруканага жалпы 100 жабырлануучу кайрылды. Анын төртөө мугалимдер болсо, калгандары окуучулар. Учурда 3 окуучу жандандыруу бөлүмүндө жатат, алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. 40 бала соматикалык бөлүмгө жиберилди. Калган жабырлануучуларга тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, үйүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чүй облусунда дискотека уюштурган окуучулар генератордон чыккан түтүнгө ууланышкандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалым болгондой, Чүй районунда ушул жылдын 27-декабрында саат 14:00дө Кегети айыл аймагындагы Кегети айылынын Исаев атындагы орто мектебинин 7-8-классынын окуучулары электр жарыгы жок учурда мектептин спорт залында электр чыгаруучу генератордун жардамында дискотека уюштурушкан. Анын кесепетинен саат 17:00дөн баштап Чүй райондук ооруканасына 50гө жакын окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланып кайрылышкан. Азыркы учурда ооруканага кайрылган окуучулардын абалы туруктуу.

Туруксуз аба ырайы Чүй жана Талас облустарында электр жарыгынын өчүрүлүшүнө себеп болгондугун «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан маалымдашкан.

Аталган түзүмдөн билдиргендей, кардын салмагынан, бак-дарактардын бутагынын оордугунан аба чубалгылар үзүлүп кеткен. Кээ бир чубалгылардын участокторунда шамалдын айынан изоляторлордун, чубалгы ажыраткычтардын жана башка жабдуулардын бузулушуна алып келген.

«27-декабрь түнү болгон туруксуз аба ырайы Чүй облусундагы Токмок шаарынын, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун жана Талас облусундагы Манас, Кара-Буура райондорунун электр жарыгынын өчүрүлүшүнө алып келди. Учурда “Түндүк электр” ААКтын 128 электр куроочулардын оперативдүү бригадасы жаратылыш кубулушунун кесепетинен өчүрүлгөн участоктордун электр энергиясын калыбына келтирүү менен алек. Ошондой эле атайын техникалардын бардыгы ишке тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4641
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×