Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду

Turmush -  ӨКМ БишкекОш унаа жолунда чектөө киргизилгенин эскертет. Мындай чектөөлөр кечээ, 25-декабрда унаа жолдун Жайыл районунун аймагындагы 123-125-127-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак жана туман болгонуна байланыштуу.

«Жолдо тыгын пайда болуп, унаалар токтоп калуу коркунучу жаралгандыктан саат 20:45 чамасында “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлган.9 жол тейлөө ишканасынан техникалар тартылып, 123-125-127-чакырымдарды кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 480
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×