Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 25.12.2017 10:28

Аламүдүндө өрт чыккан үйдөн 10 адам куткарылып, эркек киши түтүнгө ууланды

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында турак үй өрттөнүп, эркек киши түтүнгө ууланды. ӨКМдин бүгүн, 25-декабрдагы билдирүүсү боюнча, 1987-жылы туулган С.Э.Н. туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген.

Өрттүн кесепетинен 15 чарчы метр жыгач балкон, 2 даана муздаткыч, кир жуучу машина, сыналгы, электр плитасы, аристон жана эмеректер күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр 10 адамды куткарууга жетишти.

Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон. Учурда чыгымдын көлөмү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×