Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Чүй

Фото - Ысык-Атадагы өрт чыккан үйдөн бир адамдын жансыз денеси табылды

Turmush -  Ысык-Ата районундагы өрт чыккан турак үйдүн ичинен бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, бүгүн, 22-декабрда саат 07:45те өрт-куткаруу кызматына Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Киров айылында турак үйдүн өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Ысык-Ата райондук №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 07:50дө толук өчүрүлүп, бир адамдын жансыз денеси табылды. Учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1545
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:24,   20.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×