Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 21.12.2017 16:45

Айыл турмушу: 27 жаштагы Бакыт беде өстүрүп, кышкысын бир байламын 150 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Панфилов районунун 27 жаштагы тургуну Темиркул уулу Бакыт 2 гектар жерден 1 миң 500 түк беде чѳп жыйнады. Ал күздѳ жыйнаган чѳптү кышы менен жашыл бойдон сактоонун ыкмасын ѳздѳштүргѳн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Чүй ѳрѳѳнүндѳ беде жаздан баштап күзгѳ чейин 3-4 жолу чабылат. Биринчи чабык калың болот. Ошол биринчи чабыкты эки күн кургатабыз. Ал эми калган чабыктарды бир күн кургатса болот. Аларды жыйнагыча ортодон бир жолу оодарып коюш керек. Андан кийин пресс-подборщик менен жыйналат.

Чөптү таң эртең менен же түн ичинде жыйнаган жакшы болот. Анткени беде ным кезде бүрү кѳп түшүп жыйналат. Жаанга калтырбаганга аракет кылыш керек. Чѳптү эндей жыйнаганда, санаганга жеңил жана аз жерди ээлейт. Ошондой эле жакшы да сакталат. Андан кийин унаага жүктѳп, сеновалдын астына жыйнайбыз. Эгер сенавал жок болсо, анда чыгымга учурайсыз. Мисалы болжол менен миң түк беде жыйнасаң, үстүнѳн эки же үч катары сѳзсүз чирийт. Ал эми астынан бир катар чирийт. Ошондо 30-40 түк чөп жок болот, ар бирѳѳнү 140 сомдон эсептесе кѳп ысырапка учурайсың», - деди ал.

Жаш фермер кѳбүнчѳ беде, арпа жана саман жыйнайт. Беденин жарымын жакшы сактап сатат.

«Биз азыр 2 гектарга беде айдап, 3 чабыктан 1000-1500 түк чѳп жыйнап алдык. Быйыл жайында 50-60 сомдон, азыр 140-150 сомдон сатуудабыз. Чѳптѳн башка дагы жылда 2-3 гектарга арпа себебиз.

Үч жыл мурун күнөскана салып, бадыраң ѳстүрүп кѳргѳнбүз. Тилекке каршы жакшы болбой калды. Келечекте ушул күнөскананы жакшылап ѳздѳштүрүүнү кѳздѳп жүрѳм», - деди ал.

Анын баамында, малга ар түрдү тоют даярдаган жакшы. Мисалы беде, эспарцет, сенаж, арпа, жүгѳрү жем жана башкалар.

«Чүйдѳ кѳбүнчѳ беде, арпа беришет. Малдар дагы ар түрдүү тамактангысы келет» - деди ал.

Темиркул уулу Бакыт 1990-жылы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында тѳрѳлгѳн.

«Үй-бүлѳдѳ 2 бир туугандын улуусумун. Менден кийин карындашым бар. Учурда ата-энем менен чогуу турабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×