Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Чүй

Айыл турмушу: Талантбек карахан тукумунан тараган тайгандарды багып, карышкырга мергенчиликке чыгат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун 19 жаштагы тургуну Бакыт уулу Талантбек 4 жылдан бери карахан тукумунан тараган тайгандарды багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Талантбек бош убактысында тайгандары менен чѳѳ, карышкыр, түлкүгѳ мергенчиликке чыгып турат.

«Мен бала кезден эле ат минип, тайган салып, мергенчиликке чыкканга кызыгам. Салбурунга кѳрүүчү болуп барып, ушул кыргыз тайгандарын ѳнүктүрүү керектигин ойлоп жүргөм. Мындан 4 жыл мурун 5 миң сомго Нарындан бир тайган сатып келдим. Ал ортодо карахан деген ургаачы тайгандан тараган 2 күчүк багып алдым. Мурда менде Кумайык, Актаман, Учар деген тайгандарым бар болчу. Азыр Актѳш, Тѳрткѳз деген тайгандарым бар. Бирѳѳсү 2 жашта болсо, дагы бирѳѳсү 4 жашка чыгып калды. Ар кандай оюндарга алып барабыз.

Аларды карышкырга салып кѳрүү үчүн машыктырып жатам. Түлкү, чѳѳлѳрдү болсо жалгыз эле алып жүрүшѳт. Келечекте кыргыз оюндарына салымымды кошуп, тайгандардын мыктыларын баксам дейм», - деди ал.

Бакыт уулу Талантбек 1998-жылы Кемин шаарында тѳрѳлгѳн. Ал үй-бүлѳдѳ 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1460
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×