Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Чүй

Аламүдүн суусуна жеңил унаа кулап кетип, айдоочусу каза болду

Turmush -  Аламүдүн районундагы жол кырсыктан айдоочунун өмүрү кыйылды. ӨКМдин маалыматы боюнча, окуя кечээ, 20-декабрда саат 10:15 чамасында болгон.

Кой-Таш айылында («Жаннат» ден соолукту чыңдоо борборунун тушунда) «Фольксваген Жетта» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары айтылган дарекке барып, денени суудан чыгарышты.

Айдоочу – 1974-жылы туулган Ш.Н. экени такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1343
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×